Аксы жана Токтогул РЭТтерине жаңы имарат курууга 16 млн сом каралды

Аксы жана Токтогул РЭТтерине жаңы имарат курууга 16 млн сом каралды

Энергетика министрлигинин аймактардагы эскирген энергообъектилердин административдик имараттарын жаңылоо боюнча тапшырмасына ылайык, Аксы РЭТинин Кербен бөлүмүнүн жана Токтогул РЭТинин Үч-Терек бөлүмүнүн административдик имараттары жаңыланып, жаңы имараттар курулат.

Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, ноябрь айында аяктайт. Долбоорду каржылоого "КУЭТ" ААК тарабынан 16 млн сом бөлүнгөн.

Демилге Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан көтөрүлүп, 2026-жылдын пландуу иш-чаралар тизмесине киргизилген. Учурда тендер жарыяланып, долбоорлоо жана уюштуруу иштери жүрүүдө.

Жаңы имараттар кызматкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүп, керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана энергетика тармагындагы техникалык базаны чыңдоого багытталган.

Мындан тышкары, Чаткал райондук электр тармактар ишканасынын эки кабаттуу жаңы административдик имаратынын курулушу өткөн жылы башталган. Объект үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Эске салсак, Чаткал РЭТинин мурдагы имараты дарыя жээгинде жайгашып, авариялык абалда болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media