Бишкекте жаш техниктер станциясынын курулушу уланууда
Борбор калаада Лев Толстой көчөсү, 144 дарегинде Жаш техниктер станциясынын жаңы, заманбап имаратынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Тапшырыкчы — Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы.
Учурда объектте ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле фасаддык жумуштар аткарылууда.
Имараттын жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзөт, жер тилкесинин жалпы аянты — 0,342 гектар. Имарат жер төлөсүн кошкондо беш кабаттан турат. Анда окуу кабинеттер, астрономиялык обсерватория, музей, конференц-зал, бий жана актовый залдары, китепкана, машыгуу залы жана балдардын чыгармачылык жана техникалык өнүгүүсү үчүн башка бөлмөлөр каралган.
Аймагында спорттук аянтча (WORKOUT), салтанаттуу иш-чаралар үчүн жабык бастырма, автомодель жана картинг боюнча машыгуу аянтчалары жана башка практикалык сабактар үчүн зоналар курулат.
Подрядчы уюм — "Эссир Компани" ЖЧКсы.


