Бишкекте жоогазын фестивалы башталды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "ТюлпанЛенд" компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон башталат. Каалоочулар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Фестивалдын негизги максаты — ата мекендик гүл өстүрүүчүлөрдү колдоо, ички рынокто жергиликтүү продукциянын үлүшүн арттыруу жана калкты сапаттуу, экологиялык жактан таза гүлдөр менен камсыз кылуу.
Иш-чарада жоогазындын ар түрдүү сорттору сунушталып, өндүрүүчүлөр өз продукциясын түздөн-түз керектөөчүлөргө тааныштырып жатышат. Ошондой эле гүл чарбачылыгын өнүктүрүү, жаңы сортторду жайылтуу жана тармакка инвестиция тартуу багытындагы демилгелер илгерилетилүүдө.
Фестивалдын жүрүшүндө адистер тарабынан кеңештер берилип, гүл өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу уюштурулууда.
Министрлик мындан ары да ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана айыл чарба тармагын диверсификациялоо боюнча иштерди улантарын белгиледи.





