Февралда 73 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан февраль айында республика аймагындагы 73 курулуш объектисине техникалык корутундулар даярдалып, тиешелүү тартипте берилди.
Ведомствонун маалыматка ылайык, бул корутундулар объектилердин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо маанилүү роль ойнойт.
Институттун адистери турак жай имараттарын, коомдук имараттарды жана социалдык инфратүзүм объектилерин техникалык кароодон өткөрүп, инженердик изилдөөлөрдү жана эсептик талдоолорду жүргүзүштү. Ар бир объект боюнча тиешелүү техникалык баа берилип, расмий корутундулар даярдалды.


