Кадамжайдагы Анхор каналы оңдолуп, пайдаланууга берилди
Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан Анхор чарба аралык каналынын 275 метр аралыгы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Анхор каналы 1915-жылы пайдаланууга берилген жана Кадамжай районундагы негизги ирригациялык объекттердин бири болуп саналат. Ал Исфайрам-Сай башкы суу бөлүштүрүү түйүнүнөн суу алып, 3300 гектар сугат жерди суу менен камсыздайт. Каналдын жалпы узундугу 18,6 чакырымды түзүп, анын курамында 45 гидротехникалык курулма бар.
Акыркы жылдары каналдын айрым бөлүктөрүнүн техникалык абалы начарлап, өзгөчө 275 метр аралыгы авариялык абалга келген. Бул суу жоготууларынын көбөйүшүнө жана сугат суу жеткирүүдө кыйынчылыктарга алып келген.
Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан өз күчү менен аталган тилкеге бетон төшөө иштери жүргүзүлдү. Натыйжада каналдын бул бөлүгү толук калыбына келтирилип, суунун жоготуусу азайтылды.
Оңдоо иштеринин жыйынтыгында аймактагы дыйкандар сугат суу менен туруктуу жана өз убагында камсыз болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгы ирригациялык тармактарды жакшыртуу жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу багытындагы иштерди мындан ары да улантарын билдирди.