Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Бүгүн Бишкек шаарында “Жергиликтүү өнүгүүнү жана миграция мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө: “1+1” шайкеш гранттар программасы жана дипломатиялык платформа” аттуу иш-чара өтүп, коопсуз жана мыйзамдуу миграция жолдорун кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлордун жыйынтыктары сунушталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эл аралык миграция уюму (ЭМУ/МОМ) ишке ашырып жаткан “1+1” пилоттукпрограммасынын жыйынтыктары, миграция багыттарын диверсификациялоо, кыргыз жарандарын чет өлкөдө мыйзамдуу жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жана онлайн жумушка орноштуруу боюнча алдамчылыктардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Жолугушууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, элчиликтер, эл аралык уюмдар, долбоордун өнөктөштөрү жана грант алуучулар катышты.

Улуу Британиянын Бишкектеги элчилигинин миссия башчысынын орун басары Оливер Фэйрламб өз сөзүндө Улуу Британия Кыргызстандык эмгек мигранттарын кабыл алуу программасынын алкагында кызматташууну улантып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, буга чейин Улуу Британияга 10 миңге жакын кыргызстандык мигрант барып иштеген. Алардын Кыргызстанга жөнөткөн акча каражаттары өлкөнүн, айрыкча аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууда.

“Биз мигранттарга ишке орношуу шарттары, эмгек келишимдери жана коопсуз миграция боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз берип келебиз. Ошондой эле алардын мекенине кайтып келгенден кийин кайра интеграцияланышына да колдоо көрсөтөбүз”, – деди Оливер Фэйрламб.

ЭМУнун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бермет Молдобаева иш-чаранын жүрүшүндө долбоордун жыйынтыктары чыгарылып жатканын, бирок бул иш муну менен токтоп калбай турганын белгиледи.

Анын айтымында, программа мигранттардын каражаттарын жергиликтүү өнүгүүгө багыттоого көмөк көрсөтүп келет.

“Бүгүн биз бул долбоордун жыйынтыктарын чыгарып жатабыз. Бирок муну менен токтоп калбайбыз, бул багыттагы иштер мындан ары да уланат. Баткен облусу да жөн жерден тандалган жок. Анткени аймак өзгөчө макамга ээ жана жергиликтүү өнүгүүнү колдоого муктаж”, – деди ал.

Бермет Молдобаеванын айтымында, мигранттар чет өлкөдө иштеп тапкан каражаттарын топтоп, ага гранттык колдоону кошуп, жергиликтүү долбоорлорду ишке ашырууда.

“Бизге ишеним көрсөтүп, Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүп жаткан бардык грант алуучуларга ыраазычылык билдирем. Алар мындан ары да ар кандай колдоолорго ээ болот деп ишенем”, – деди Молдобаева.

Жолугушууда КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун ишмердүүлүгү тууралуу да маалымат берилди.

Маалыматка ылайык, борбор жарандарды чет өлкөгө мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүп, эмгек миграциясы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Борбордун маалыматында белгиленгендей, кыргызстандыктарды Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине жөнөтүү программасы 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет. Бул программа Улуу Британия өкмөтү тарабынан бекитилген операторлор аркылуу жүргүзүлүп, жарандар 6 айга чейин иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары Улуу Британияга жумушка кеткен кыргызстандыктардын саны өсүүдө. 2022-жылы 1492 адам ишке орношсо, 2023-жылы бул көрсөткүч 5200гө жеткен. Ал эми 2024-жылы 8131 жаран жумушка жөнөтүлгөн. 2025-жылы бул сан 10 896 адамга жеткени айтылды.

Ошондой эле кыргызстандык жарандар эмгек миграциясына барган негизги өлкөлөрдүн катарына Улуу Британия, Түркия, Германия жана Россия кирери белгиленди.

ЭМУнун программалык координатору Жылдыз Ахметова өз презентациясында Кыргызстанга кайтып келген мигранттар боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2024-жылдан 2025-жылдын июнь айына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн баалоого ылайык, 91 миңден ашуун мигранттын Кыргызстанга кайтып келгени аныкталган. Алардын басымдуу бөлүгү эмгек миграциясы менен байланыштуу себептерден улам чет өлкөгө кеткен.

Маалыматка ылайык, кайтып келген мигранттардын негизги бөлүгү Россиядан, ошондой эле Түркия, Казакстан, Улуу Британия жана Түштүк Кореядан келген.

Изилдөөнүн жыйынтыгында чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын 69%ы үй-бүлөсүнө акча каражатын үзгүлтүксүз жөнөтүп турганы аныкталган. Көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн бул каражат негизги киреше булагы болуп саналат.

Ошондой эле жүргүзүлгөн сурамжылоодо кайтып келген мигранттардын 45%ы Кыргызстанда туруктуу жашоону пландап жатканы, ал эми айрымдары кайрадан чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы белгиленген.

ЭМУнун программалык координатору Асел Ази Тегин Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумуштарга барган мигранттарды колдоо боюнча ишке ашырылып жаткан долбоор тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, долбоордун негизги максаты – эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана миграция процессинин бардык этаптарында коопсуз шарттарды камсыз кылуу болуп саналат. Долбоордун алкагында мигранттарга кетер алдында маалымат берүү, коопсуз миграция боюнча консультациялар жана англис тили боюнча окуулар уюштурулат.

Ошондой эле долбоордун алкагында маалыматтык кампаниялар жүргүзүлүп, коопсуз миграция боюнча атайын ишеним телефону иштейт.

Мындан тышкары, Баткен облусунда кайтып келген мигранттарды колдоо максатында “1+1” пилоттук программасы ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, 2025-жылы 27 адамга грант берилип, анын жалпы суммасы 7 миллион сомдон ашкан. Ал эми 2026-жылы дагы 11 адам грант алып, 3,4 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Долбоордун алкагында кайтып келген мигранттар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер да өткөрүлүп, ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө “1+1” пилоттук программасынын алкагында грант алган катышуучулар өз ийгилик тарыхтары менен бөлүшүштү. Андан соң катышуучулардын пикирлерин угуу жана келечектеги пландарды талкуулоо максатында тегерек стол форматындагы талкуу уюштурулду.

Жолугушуунун соңунда долбоордун кийинки кадамдары боюнча пикир алмашуу болуп, грант алуучуларга ыраазычылык каттары тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылы өлкө боюнча жеке медициналык чөйрөдө кеңири текшерүү жүргүзүлгөнүн “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө министрликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз ишкердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында министрликтин облустардагы координаторлоруна тиешелүү тапшырмалар берилген. Жалпысынан 561 мекеме — жеке клиника, реабилитациялык борбор, стоматологиялар, элдик

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод  жакында ишке кирет

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод жакында ишке кирет

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында курулуш иштери аяктап калган жаңы таш майдалоочу завод менен таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, завод саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш кубаттуулугуна ылайыкташкан. Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, завод ишке киргизүүгө даяр абалда турат. Завод Көк-Арт дарыясынын жээгине курулгандыктан, облустук өзгөчө кырдаалдар

ӨКМ айдоочуларды ишке чакырат

ӨКМ айдоочуларды ишке чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүү унаасын айдоочуларды жумушка чакырат. Ведомствонун маалыматына караганда, талапкерлер 21 жаштан жогору, ден соолугу чың, соттуулугу жок, Кыргызстандын жараны болууга тийиш. В жана С категориясындагы 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар айдоочулук күбөлүгү (Е – артыкчылык) болушу керек. Документтер 2026-жылдын 4-мартынан 4-апрелине чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек

Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда мүлктүк теңсиздик жогору бойдон калууда. Улуттук статистикалык комитеттин бюллетенине ылайык, калктын жалпы акчалай кирешесинин 47%ы эң камсыз болгон 20% жарандардын колунда топтолгон. Экономикада бул көрсөткүч квинтилдик коэффициент деп аталат. Ал коомдогу социалдык теңсиздиктин деңгээлин көрсөтөт. Калктын бештен бири дээрлик бардык каражаттын жарымына ээ болушу капиталдын