Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок
2026-жылдын 28-февралынан 2-мартка чейин "Соң-Көл балык чарбасы" Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Рейд учурунда Соң-Көл көлүнүн акваториясынын үстүндө жана жээк тилкесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада мыйзамсыз балык уулоо фактысы жана ээсиз синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталган жок.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жайы комплекси департаменти браконьерликке каршы күрөшүүгө, мыйзамдарды сактоого жана көлдүн экосистемасын коргоого чакырат.