Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди
Жыл башынан бери 20 компаниянын лицензия алуу боюнча арыздары каралып, канааттандырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, берилген лицензиялардын ичинен 12си көмүр, 3ү мунай жана газ, 3ү алтын, ал эми 2си курулуш материалдары (неруддук материалдар) боюнча берилген.
Белгиленгендей, кабыл алынган чечимдер тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын натыйжалуу пайдаланууга багытталган.
Ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджетке түшүүчү салыктык кирешелерди көбөйтүүгө жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасир берүүгөшарт түзөрү айтылды.
Министрликтин маалыматына ылайык, бардык лицензиялар сунушталган материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча жана мыйзамдарда белгиленген тартипте, талап кылынган бардык жол-жоболор сактоо менен берилген.
Мындан ары да Кыргыз геологиялык кызматы жер казынасын пайдалануу тармагындагы лицензиялоо процесстеринин ачык-айкындуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча ишин улантат.