Баткенде деградацияга учураган 8 гектар жерге бадам эгилүүдө
Баткен облусунда деградацияга учурап жаткан жерлерди калыбына келтирүү максатында дүйнөлүк тажрыйбада колдонулган seed balls ыкмасы ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Бул ыкмада бадамдын үрөнү топурак жана биогумус менен аралаштырылып, кичинекей тоголоктор жасалат. Алар үрөндү күндөн жана канаттуулардан коргоп, жамгыр жааганда керектүү нымдуулукту сактоого жардам берет. Мындай ыкма техника жетпеген тоолуу аймактарда үрөндүн жакшы өнүп чыгышына шарт түзөт.
Учурда иштер Баткен районунун Сортташ тилкесинде жана Кадамжай районунун Үч-Коргон токой чарбасында жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 8 гектар жерге бадамдын үрөндөрү себилүүдө.
Бул демилге президент Садыр Жапаровдун тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык программасынын алкагында ишке ашырылып, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) тарабынан колдоого алынууда.
Долбоордун негизги максаты — Баткендеги деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирип, келечекте бадам токойлорун түзүү болуп саналат.


