Кыргызстан жакынкы 5 жылда 10 заманбап учак сатып алат

Кыргызстан жакынкы 5 жылда 10 заманбап учак сатып алат

Жакынкы беш жыл ичинде Asman Airlines авиакомпаниясынын учак паркы 10 заманбап Airbus A321 учагы менен толукталат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самадинов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Asman Airlines компаниясы өзүнүн өнүгүүсүндө дагы бир маанилүү кадам жасап, европалык Airbus корпорациясынан 2 даана Airbus A321 учагын сатып алуу боюнча келишимге кол койду.

Бул стратегиялык чечим авиакомпаниянын каттамдар тармагын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиация рыногундагы позициясын бекемдөөгө багытталган.

Пландын алкагында КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана Европага жаңы каттамдарды ачуукаралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Соң-Көл жайлоосундагы мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Соң-Көл жайлоосундагы мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Соң-Көл жайлоосунда курулуп жаткан туристтик объектилерде бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектилер уруксат берүүчү документтерсиз курулуп

Инвестиция агенттиги эл аралык компания менен өнөктөштүктү талкуулады

Инвестиция агенттиги эл аралык компания менен өнөктөштүктү талкуулады

23-июнда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров архитектуралык долбоорлоо, инженердик чечимдер жана инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү багытында иш алып барган "James Cubitt & Partners" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын жана келечектеги кызматташуу багыттарын

Баткендеги селден улам админстративдик имараттарды да суу каптады

Баткендеги селден улам админстративдик имараттарды да суу каптады

22-июнда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка караганда, сел сууларынын кесепетинен турак үйлөрдү, короо-жайларын, административдик имараттарды, автоунааларды, ички жолдорду жана

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 96 кызматкери иштен четтетилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 96 кызматкери иштен четтетилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде 96 кызматкер кызматынан четтетилип, 24 кызматкерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү Элвира Сурабалдиева "атайын кызмат жемкорлукка тиешеси бар кызматкерлерден тазаланып жатабы?"