Баткенде цитрус, Нарында жаңы буудай сорттору сыноодон өтүүдө

Баткенде цитрус, Нарында жаңы буудай сорттору сыноодон өтүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, соңку мезгилде айыл чарба тармагында илимий изилдөөлөр жана жаңы сортторду сыноо боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Министрликтин билдиришинче, цитрус өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү Түркиядан алынып келип, учурда Баткен облусунда сыноодон өткөрүлүүдө. Бул долбоор келечекте жергиликтүү климатка ылайыкташкан жаңы мөмө-жемиш сортторун өстүрүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүктөрдү жайылтуу максатында Ат-Башы районунда 100 гектар аянтка чычырканак жана карагат көчөттөрү отургузулду. Бул демилге суу ресурстары жетишсиз болгон шартта да туруктуу түшүм алууга багытталган.

Мындан тышкары, Нарын районунда “Стекловидная-24” күздүк буудай сортунун биринчи репродукциясы себилди. Адистердин айтымында, бул сорт жергиликтүү климаттык шарттарга ылайыкташкан жана жогорку түшүмдүүлүккө ээ.

Министрлик ошондой эле Россиянын илимий борборлору менен жаңы буудай сортторун адаптациялоо жана жергиликтүү шарттарда тестирлөө боюнча кызматташтык уланып жатканын маалымдады. Бул иш-чаралар айыл чарба өндүрүшүнө инновациялык жана эффективдүү технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Министрликтин белгилешинче, жүргүзүлүп жаткан илимий жана инновациялык иштер айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, жергиликтүү сорттордун сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган. Мындай долбоорлор келечекте фермерлерге заманбап жана туруктуу айыл чарба практикаларын колдонууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды

Ошто "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды

Бүгүн Ош шаарында "Айыл чарбасындагы инновациялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан ресурс үнөмдөөчү технологиялары" аталышындагы "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, фермерлерди, ишкерлерди жана тармактагы адистерди бир аянтчага чогултуп, агрардык сектордогу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана кызматташууну

Жогорку Кеңеш 30 млн долларлык "Бирдиктүү саламаттык" долбоорун ратификациялады

Жогорку Кеңеш 30 млн долларлык "Бирдиктүү саламаттык" долбоорун ратификациялады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы. Мыйзам долбоору боюнча

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бишкек–Нарын–Торугарт авто жолунун 304-чакырымында, Кара-Үңкүр участкасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан керектүү техникалар тартылып, карды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Министрликтен билдиришкендей, жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Кыргызстан чет өлкөлөргө үрөн жана кургатылган өрүк экспорттоду

Кыргызстан чет өлкөлөргө үрөн жана кургатылган өрүк экспорттоду

Кыргызстандын айыл чарба тармагында экспорт жана эл аралык кызматташтык багытында бир катар жетишкендиктер катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылы Кыргызстандан бир катар айыл чарба продукциялары чет өлкөлөргө экспорттолгон. Тактап айтканда, Орусияга 40 тонна беде үрөнү, Жапонияга