Ошто "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды

Ошто "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды

Бүгүн Ош шаарында "Айыл чарбасындагы инновациялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан ресурс үнөмдөөчү технологиялары" аталышындагы "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, фермерлерди, ишкерлерди жана тармактагы адистерди бир аянтчага чогултуп, агрардык сектордогу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Көргөзмөнүн негизги максаты – айыл чарбасындагы инновацияларды жайылтуу, климатка ылайыкташкан технологияларды тааныштыруу жана агрардык бизнести өнүктүрүү. Ошондой эле фермерлер менен камсыздоочулардын ортосундагы кызматташууну бекемдөө каралган.

Иш-чаранын алкагында айыл чарба техникалары, агротехнологиялар, сапаттуу үрөндөр жана көчөттөр, тамчылатып сугаруу системалары, санарип суу платформалары жана жашыл энергия технологияларыбоюнча көргөзмөлөр уюштурулууда.

Ошондой эле адистердин мастер-класстары, лотереялар жана шоу-программа өткөрүлүүдө. Жарманке эртең дагы уланат.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде селдин кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

Баткенде селдин кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Селдин кесепетинен Баткен облусунун айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти. Орозбеков айыл аймагы жана

Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси талкууга чыкты

Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси талкууга чыкты

Депутат Мирлан Жээнчороев “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Демилгеге ылайык, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына төлөнүүчү күрөөнү 300 миң сомдон 150 миң сомго түшүрүү, ал эми шайлоо фондунун эң жогорку чегин 20 миллион сомдон

Шаршенбек Абдыкеримовдун агасы камакка алынды

Шаршенбек Абдыкеримовдун агасы камакка алынды

“АЮ” холдингинин мурдагы жетекчиси  Тыныбек Исаев кайрадан тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-июнда чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. Маалыматка таянсак, сот Исаевди 20-августка чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен айып тагылууда.

Нарын облусунун бюджети 2,5 эсеге жогорулады

Нарын облусунун бюджети 2,5 эсеге жогорулады

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы жылдарда аймакта социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасы камсыздалганын белгиледи. 2021-жылы облус бюджетинин көлөмү 960 млн сомду түзсө, былтыркы жылдын