Бишкекте "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" өттү
Бишкек шаарында "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" аттуу эл аралык иш-чара болуп өттү. Бул конференция Кыргызстанда жана Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Иш-чара пион гүлүн өстүрүү боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды жайылтууга жана пион негизиндеги продукцияларды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Конференцияны кытайлык Heze Peony Water Group Co., Ltd. компаниясы уюштурду. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Элвира Акунбеков, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин, кытай компаниясынын өкүлдөрү жана тармактык адистер катышты.
Иш-чаранын алкагында Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти менен Heze Peony Water Group Co., Ltd. компаниясынын ортосунда кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк тууралуу меморандумга кол коюлду.


