Кыргызстанда Интерпол издеп жаткан 3 жаран кармалды

Кыргызстанда Интерпол издеп жаткан 3 жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган үч чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1971-жылы туулган Л.С.В. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топ түзүү, алдамчылык жана өзгөчө ири өлчөмдө мүлк уурдоо фактылары боюнча издөөгө алынган. Келтирилген зыяндын суммасы 183,6 млн казак теңгени түзгөн.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 1980-жылы туулган К.Д.М. кармалган. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган. Текшерүү учурунда анын Кыргызстандын жаранынын башка ысымдагы паспортун колдонгону аныкталган. Келтирилген материалдык зыян 8 млн 346 миң россиялык рублди түзгөн.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында 1986-жылы туулган О.Ч. аттуу жаран кармалды. Ал Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан алдамчылык, курал колдонуу менен коркутуу жана ден соолукка зыян келтирүү фактылары боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган.

ИИМден билдиришкендей, кармоо иштери чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен