Ошто "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды
Бүгүн Ош шаарында "Айыл чарбасындагы инновациялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан ресурс үнөмдөөчү технологиялары" аталышындагы "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, фермерлерди, ишкерлерди жана тармактагы адистерди бир аянтчага чогултуп, агрардык сектордогу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Көргөзмөнүн негизги максаты – айыл чарбасындагы инновацияларды жайылтуу, климатка ылайыкташкан технологияларды тааныштыруу жана агрардык бизнести өнүктүрүү. Ошондой эле фермерлер менен камсыздоочулардын ортосундагы кызматташууну бекемдөө каралган.
Иш-чаранын алкагында айыл чарба техникалары, агротехнологиялар, сапаттуу үрөндөр жана көчөттөр, тамчылатып сугаруу системалары, санарип суу платформалары жана жашыл энергия технологияларыбоюнча көргөзмөлөр уюштурулууда.
Ошондой эле адистердин мастер-класстары, лотереялар жана шоу-программа өткөрүлүүдө. Жарманке эртең дагы уланат.





