Салык кызматы: Кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүңүздөр
Жарандардын арыз жана кайрылуулары расмий кароого алынышы үчүн аларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүү зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандар өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу.
Кайрылуулар төмөнкү тартипте берилиши мүмкүн:
жазуу жүзүндө (арыз, даттануу, кайрылуу);
электрондук түрдө (расмий сайт же электрондук почта аркылуу);
оозеки түрдө – жеке кабыл алууда.
Мамлекеттик орган түшкөн кайрылууларды милдеттүү түрдө каттоого алып, мыйзамга ылайык карап чыгып, белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө тийиш. Адатта кайрылуулар 14 күндөн 30 күнгө чейин каралат.
Кайрылууда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:
мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн толук аталышы;
арыз ээсинин толук аты-жөнү;
байланыш телефону;
жашаган дареги.
Ал эми жарандардын кайрылуусу боюнча салыктык иш-чараларды жүргүзүү үчүн кошумча төмөнкү маалыматтар талап кылынат:
салык төлөөчүнүн толук аты-жөнү;
идентификациялык салык номери (ИНН);
экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүлгөн дареги;
салык мыйзамдарын бузуу боюнча конкреттүү фактылар.
Белгиленген маалыматтар камтылбаган же анонимдүү кайрылуулар кароого алынбай калышы мүмкүн. Даттануу негиздүү болуп, зарыл учурда аны тастыктаган документтер тиркелиши керек.
Салык кызматы так маалыматтарды жана далилдерди камтыбаган кайрылууларды кароодон баш тартууга укуктуу экенин эскертет.
Кайрылууларды электрондук түрдө sti.gov.kg дареги аркылуу жөнөтүүгө болот. Мындан тышкары, жарандар 0312 62 11 13 телефону аркылуу да кайрыла алышат.