1-июлдан тарта 3 жашка чейинки ар бир бала ай сайын 1200 сом жөлөк пул алат
Президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдар үчүн “Бала ырысы” аттуу жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду.
Маалыматка ылайык, жөлөк пул ушул жылдын 1-июлунан тартып, үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, 3 жашка чейинки ар бир балага 1200 сом өлчөмүндө берилет.
Мамлекет башчысы бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынганын белгилеп, жаңы жөлөк пул үй-бүлөлөрдү баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде колдоого багытталганын айтты.
“Көп учурда жөлөкпул алуу дээрлик өтө албай турган тоскоолдуктарга айланып кетет. Энелердин басымдуу бөлүгүнүн чыныгы муктаждыктары көбүнчө көңүл сыртында калууда. Үй-бүлөлөр мамлекеттен жардам сурап кайрылышат, бирок колдоо алуунун ордуна баш тартууларга жана бүтпөгөн бюрократиялык жол-жоболорго туш болушат. Албетте, кээ бирөөлөр мында кыянаттык менен пайдалануу болушу мүмкүн деп айтар. Бирок мен чындап муктаж болгон бир дагы бала колдоосуз жана азык-түлүксүз калбашы үчүн мамлекет муктаж эместерге бир нече ашыкча жөлөкпул төлөгөнү жакшы деп эсептейм” – деп билдирди, С.Жапаров.
Мамлекет башчынын айтымында, мындай жол менен бир да бала көңүл сыртында калбаган келечектүү Кыргызстан курулат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда учурда үч жашка чейинки болжол менен 445 миң бала жашайт.
