Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкек шаарынын Свердлов районунун сот аткаруучулар бөлүмү алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун ишке ашырды.

И.А.Б. аттуу карызкорго каршы жүргүзүлгөн аткаруу иши алкагында сот аткаруучулар анын айлыгынан алимент өндүрүүнү камсыз кылышты. Күчөтүлгөн чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 16-августунан тарта бүгүнкү күнгө чейин алимент толук көлөмдө өндүрүлдү.

Өндүрүлгөн алименттин жалпы суммасы 15 млн 843 миң 380 сомду түздү. Бул каражаттар толугу менен И.А.А.нын эсептик эсебине которулду.

Көрүлгөн чаралар жашы жете элек баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылып, соттук чечимдердин милдеттүү түрдө аткарылышы принцибин тастыктады.

Мындан тышкары окуңуз

Баланын өнүгүүсүнө салынган 1 доллар 13 доллар болуп кайтып келиши мүмкүн-ЮНИСЕФ

Баланын өнүгүүсүнө салынган 1 доллар 13 доллар болуп кайтып келиши мүмкүн-ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ Кыргызстанда бардык 3 жашка чейинки балдар үчүн "Бала ырысы" аттуу бирдиктүү ай сайынкы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү тууралуу Президенттин жарлыгын жылуу кабыл алганын билдирди. ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Джунг Тапа бул чечим өлкөнүн балдардын укуктарын коргоого болгон туруктуу жана ырааттуу милдеттенмесин чагылдырарын белгиледи. Анын айтымында, бул мамлекеттин баланын жашоосунун

Кыргызстанда 10 тонна жараксыз кондитердик азык өрттөлдү

Кыргызстанда 10 тонна жараксыз кондитердик азык өрттөлдү

"Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунда мөөнөтү өтүп кеткен жана эсепке алынбаган кондитердик азыктарды ташыган жүк ташуучу унаа аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган продукциянын бир бөлүгү белгиленген тартипте эсепке алынбаганы, ал эми товарлардын бир бөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткендиги белгилүү болду. Табылган продукциянын жалпы салмагы болжол

Маданият министрлигинде бир катар финансылык мыйзам бузуулар аныкталды

Маданият министрлигинде бир катар финансылык мыйзам бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы тарабынан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жана анын карамагындагы ведомстволук мекемелерде 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөнүн ведомстводон маалымдашты. Аудиттин жыйынтыгында финансылык тартиптин сакталуусун камсыз кылуу боюнча ички көзөмөл жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнү аныкталды. Натыйжада бир катар багыттар боюнча мыйзамдардын жана белгиленген жол-жоболордун

Ош шаарындагы үч эмдин ата-энесине шаар мэри 50 миң сом берди

Ош шаарындагы үч эмдин ата-энесине шаар мэри 50 миң сом берди

Ош шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлгөнүн Ош шаарынын мэриясы кабарлады. Шаар мэри Жанарбек Акаевдин атынан мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова муниципалдык Керме-Тоо аймактык башкармалыгунда жайгашкан “Анар” кичи районунда жашаган Мавлюда Бердигулованы үйүнө барып куттуктады. Ал жакында үч эм төрөгөн. Мэрдин атынан үй-бүлөгө 50 миң сомдук сертификат жана