Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад облустук сотунун чечиминин негизинде алимент төлөбөй жүргөн Т.Ш.А. аттуу жаран эки жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.
Сот аткаруучулар кызматына Жалал-Абад (Манас) шаардык сотунун чечиминин негизинде карызкор Т.Ш.А.дан 2018-жылдын 18-апрелинен тартып кирешесинин тең жарымын алимент катары өндүрүү тапшырмасы берилген.
Өндүрүүнүн жүрүшүндө карызкор алиментти толук төлөбөй, 2025-жылдын март айына карата карызы 700 миң сомду түзгөнү аныкталган. Сот аткаруучулар бул боюнча тиешелүү материалдарды Ички иштер органдарына жиберишкен.
Буга байланыштуу былтыр ноябрда Манас шаардык соту аталган жаранга карата пробациялык көзөмөл жазасын чегерген. Нааразы тараптын апелляциялык арызын караган Жалал-Абад облустук соту 26-февралда мурдагы чечимди четке кагып, айыпталуучуну эки жылга эркиндигинен ажыраткан.
Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөө милдетинен качкан жарандарга мыйзам чегинде чара көрүү улантыларын эскертти.