Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 36 млн 560 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 36 млн 560 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 2024-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөнүн аталган мекемеден билдиришити.

Аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтып, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугун, финансылык тартиптин сакталышын жана бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүнүн тууралыгын баалоого багытталды.

Аудиттин жыйынтыгында тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын талаптарына шайкеш келбеген бир катар финансылык тартип бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.

Жалпысынан 36 млн 560,3 миң сом өлчөмүндө финансылык бузуулар жана кемчиликтер катталган. Анын ичинен 11 млн 225,4 миң сом бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү бузууларга туура келет. Аудит жүргүзүү учурунда көрүлгөн чаралардын негизинде 2 млн 12,4 миң сом өлчөмүндөгү бузуулар жана кемчиликтер калыбына келтирилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эсепти жүргүзүү тартибинин толук сакталбагандыгы, негизги каражаттарды кириштөө тартибинин бузулушу, ошондой эле айрым материалдык баалуулуктардын бухгалтердик балансында чагылдырылбай калган учурлары аныкталды. Мындан тышкары, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө тартибинде мыйзам талаптарынын толук сакталбагандыгы, ошондой эле бюджеттик каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу фактылары белгиленди. Аудит учурунда бухгалтердик эсепке байланыштуу айрым кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media