Базар-Коргондо 200 тонна мөмө-жемиш сактоочу кампа пайдаланууга даяр
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Нурдин Довлетов Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум айыл аймагындагы мөмө-жемиш сактоочу кампасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Кампа Айгыр-Жал участкасында муниципалдык менчиктеги жер тилкесине курулган. Логистикалык борбор 2024-жылы CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун кошумча каржылоосу аркылуу ишке ашырылган.
Долбоордун каржылоосу төмөнкү булактардан түзүлгөн:
- CASA-1000 долбоору – 6 млн 644 миң 663 сом
- Жергиликтүү бюджет – 104 миң сом
- Жалпы сметалык баасы – 6 млн 748 миң 663 сом.
Мөмө-жемиш сактоочу кампасынын аянты 20 х 13,9 метрди түзөт. Кампа төрт бөлүккө бөлүнүп, ар биринде 50 тоннадан айыл чарба продукциясын сактоого мүмкүнчүлүк бар. Жалпы сактоо көлөмү 200 тоннаны түзөт.
Курулуш иштери 2024-жылдын 26-апрелинде Прогресс+С ЖЧК тарабынан башталып, учурда толугу менен аяктап, пайдаланууга берүүгө даяр. Кампа пияз, сабиз, капуста, болгар калемпири сыяктуу жашылчаларды, ошондой эле алма жана курма өңдүү мөмөлөрдү сактоого ылайыкташкан.
Сапардын жүрүшүндө Нурдин Довлетов жергиликтүү тургундардын жана ишкерлердин сунуш-пикирлерин угуп, көтөрүлгөн маселелер министрликтин жетекчилигине жеткирилерин белгиледи.
Белгиленгендей, кампаны иштеткен ишкер кошумча күнөскана чарбасын да жүргүзүп, органикалык жашылча жана мөмө-жемиш өстүрүү менен алектенет.


