Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Перс булуңундагы бардык энергия ташуучуларды экспорттоочу өлкөлөр жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялашы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда нефть баасы баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал.

Министрдин сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы согуш дароо токтогон күндө да Катарга суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн бир нече жума же ай талап кылынат. Себеби Ирандын соккуларынан кийин Рас-Лаффан шаарындагы өндүрүш объектилери жабыркаган.

Ал белгилегендей, газ жеткирүүнүн кыскарышынан эң көп Европа жабыркайт. Анткени Европа газ үчүн Азия өлкөлөрү менен атаандашууга мажбур болот. Ошондой эле Перс булуңундагы мамлекеттер учурдагы келишимдик милдеттенмелерин толук аткара албай калышы мүмкүн.

Саад аль-Кааби жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялабаган компаниялар да ушундай чечим кабыл аларын айтты. Эгерде алар муну жасабаса, келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн мыйзамдуу айып төлөөгө туура келет.

Министрдин божомолу боюнча, эгер Ормуз кысыгы жабык бойдон калса, эки-үч жуманын ичинде нефть баасы баррелине 150 долларга чейин өсүшү мүмкүн. Ал эми газдын баасы Ирандагы согуш башталганга чейинки деңгээлге салыштырмалуу төрт эсеге чейин кымбатташы ыктымал.

Буга чейин Тегеран Ормуз кысыгын жапканы кабарланган. Ислам революциясынын сакчылар корпусу кысык аркылуу өтүүгө аракет кылган бардык кемелерге сокку урулушу мүмкүн экенин эскерткен.

Маалыматка ылайык, Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк нефть ташууларынын 20%га жакыны жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн чыккан суюлтулган жаратылыш газынын 30%ына чейин өтөт. Бул маршрут аркылуу Ирак, Сауд Арабиясы, Кувейт, Бахрейн, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарыдан чыккан энергия ресурстары Азия базарларына жеткирилет.

Адистердин айтымында, бул “энергетикалык коридордун” жабылышы дүйнөлүк рынокто нефть жана газ баасынын кескин өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media