Токмок шаарынын жаңы мэри дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кутпидин Абдырахманович Шакиров Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.
Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, Кутпидин Шакиров 1977-жылдын 6-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Коргон айылында туулган.