Сузакта фермерлерди тейлөө борборунун ишмердүүлүгү текшерилди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Сузак районундагы Фермерлерди тейлөө борборунун имараты менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жумушчу сапардын жүрүшүндө министр борбордун ишмердүүлүгүн, фермерлерге көрсөтүлүп жаткан кызматтарды жана түзүлгөн шарттарды жеринде көрүп чыкты. Ошондой эле борбордун кызматкерлери менен жолугуп, дыйкандар тарабынан калтырылган сунуш-пикирлер катталган журнал менен таанышты. Анда фермерлердин кайрылуулары жана алар боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берилди.
Эрлист Акунбеков фермерлерге көрсөтүлүп жаткан кызматтарды мындан ары да жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Ал дыйкандардын кайрылууларын ыкчам кароо жана алардын ишине реалдуу жардам бере турган шарттарды түзүү маанилүү экенин айтты.
Мындан тышкары, министр айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен тыгыз иш алып баруу жана алардын сунуш-пикирлерин эске алуу тармакты өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.


