Кыргызстандыктардын умра зыяратына баруусуна убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстандыктардын умра зыяратына баруусуна убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстан жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана умра сапарына байланышкан маселелерди талкуулоо максатында кеңейтилген жыйын өттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында өткөн жыйында айтылды.

Жыйынга Коргоо кеңешинин катчысы, Тышкы иштер министрлигинин, Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Жарандык авиация мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле авиакомпаниялар жана туристтик компаниялар катышты.

Жыйынды Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров ачып, туризм тармагындагы компанияларга муфтият менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле дүйнөдөгү учурдагы кырдаалды эске алуу менен жарандардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилип, Сауд Арабиясына умра зыяратына барып калган кыргыз жарандарын мекенге кайтаруу маселеси талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында кырдаал турукташканга чейин Кыргызстандын жарандарынын умра сапарына баруусуна убактылуу чектөө киргизүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле токтоп калган каттамдарды "Жазира", "Флайнас", "Эйр Арабия" жана башка авиакомпаниялар аркылуу кайра жандандыруу аракеттери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

40 көйгөйлүү турак жайдын ээлерине шайкештик актылары тапшырылды

40 көйгөйлүү турак жайдын ээлерине шайкештик актылары тапшырылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев Бишкектеги 38 көп кабаттуу турак жайдын жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 2 көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына шайкештик актыларын тапшырды. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, бул иштер президент Садыр Жапаров берген тапшырманын негизинде жүргүзүлүүдө. Жолугушууда Болот Чолпонбаев бул

Жалал-Абад облусунда жолдор сел калдыктарынан тазаланды

Жалал-Абад облусунда жолдор сел калдыктарынан тазаланды

22-июнда Жол тейлөө ишканалары тарабынан селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жана унаа жолдорун калыбына келтирүү иштери өз убагында аткарылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Ленин – Жол – Казар – Мазар – Сере унаа жолунун 10–10,3-чакырымдарында селден кийин жол тазаланып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Маданият – Майлуу-Суу унаа жолунун

“Ала-Тоо Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүлдү

“Ала-Тоо Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүлдү

Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылындагы В1 жана В2 асма аркан жолдорунун техникалык ачылышынын алдында “Ала-Тоо Резорт” жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин ишке ашыруу боюнча көчмө кеңешме өттү. Маалыматка ылайык, кеңешме президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы алдында өттү. Жыйынга долбоорду ишке ашырууга катышкан негизги министрликтердин

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алай районундагы Сопу-Коргон айылында жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт. Жаңы спорт комплекси заманбап талаптарга жооп берип, анын ичинде волейбол жана баскетбол аянтчалары, машыгуу залы каралган. Ошондой эле