Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Бүгүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан ОрунтаевБишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышты.

Министр өз сөзүндө билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, жаңы мектептин курулушу Ак-Бата конушундагы окуучулар үчүн сапаттуу жана ыңгайлуу шарттарды түзөрүн айтты. Ал ошондой эле мектептердин жетишсиздигин жоюу боюнча иштер мындан ары да улантыларын кошумчалады.

Долбоор боюнча мектептин жалпы аянты 5300,33 чарчы метрди, ал эми жер тилкесинин аянты 1,08 гектардытүзөт. Билим берүү мекемеси үч блоктон турган эки кабаттуу имарат болуп курулат.

Аймактын сейсмологиялык шартын эске алуу менен имарат 9 баллга чейинки жер титирөөгө туруктуу болуп салынат. Ошондой эле жер кыртышынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу пайдубалын бекемдөө үчүн 8,8 метр тереңдикке чейин жер казуу иштери жүргүзүлөт.

Курулуш иштери Курулуш министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүп, аны "ГрадСтройРесурс" ЖЧКсыжүргүзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Бишкекте жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкектеги чуңкурларды оңдоо иштерин жургүзүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишкананын адистери жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүнү камсыз кылуу максатында жол бетиндеги чуңкурларды  жоюуну ишке ашырышууда. Чуңкурларды оңдоо иштери шаардын жол тармагынын ар кайсы бөлүктөрүндө

Кыргызстандын фермерлери! Ким мыкты экенин далилдөөгө даярсыздарбы?

Кыргызстандын фермерлери! Ким мыкты экенин далилдөөгө даярсыздарбы?

"Айыл Банк" 2026-жылдын 18–19-апрелинде өтө турчу "Айдоо Фест – 2026" фестивалынын алкагында республика боюнча жер айдоо ачык чемпионат жарыялайт. Фестивалдын алдында өлкөнүн аймактарында чемпионаттын регионалдык тандоо турлары өткөрүлөт. Анда мыкты механизаторлор айыл чарба техникасын башкаруудагы чеберчилигин жана жерди так айдоо жөндөмүн көрсөтө алышат. Регионалдык этаптардын жеңүүчүлөрү

БШКнын комиссия курамы кыскартылса 2 млн сом үнөмдөлөт

БШКнын комиссия курамы кыскартылса 2 млн сом үнөмдөлөт

Тынчтык Шайназаров  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы — 10-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кеткен чыгымдар тууралуу айтып берди. Комитет Боршайкомдун курамын 12 мүчөдөн 7 же 8 мүчөгө чейин кыскартууну караган мыйзам долбоорун талкуулады. Анын айтымында, учурда комиссия 12 мүчөдөн турат. Төрага жана анын эки орун

"Чоң жетилик" мунай корлорунун бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти

"Чоң жетилик" мунай корлорунун бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам пайда болгон энергетикалык кризиске байланыштуу "чоң жетиликтин" (G7 – Англия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Японии) каржы министрлери мунай корлорунун (запастары) бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти. Бирок бул боюнча акыркы чечим али кабыл алына элек. "Биз керектүү чараларды көрүүгө