Кыргызстан менен Корея айыл чарба тармагындагы кызматташууну кеңейтет
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангдже менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланды. Өзгөчө айыл чарба жана суу ресурстары тармагындагы кызматташууга көңүл бурулду.
Ошондой эле тараптар үстүбүздөгү жылга пландалган жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаранын алкагында карала турган эки тараптуу документтердин даярдыгын сүйлөшүштү.
Белгиленгендей, учурда Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кореянын ортосунда мал чарбачылыгы, үрөөнчүлүк, азык-түлүк жана суу ресурстарытармактарында кызматташуу жүрүүдө. Мындан тышкары жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушууга катышкан KOICA уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Со Йон жана KOPIA борборунун директору Кванг Сог Чу буга чейин ишке ашырылган долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташууну улантууга даяр экендиктерин белгилешти.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты.


