Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы дем алышта ачылат

Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы дем алышта ачылат

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу, Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ушул дем алыш күндөрү ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болчу. Оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жетти. Көпүрөнүн жалпы туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, транспорт кыймылы түндүк тарабында уюштурулат, ал эми түштүк тарабынын ачылышы март айынын аягына пландалууда.

Тиешелүү кызматтар учурда реконструкцияны аяктоо боюнча иштерди улантууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты