Кыргызстандын делегациясы Кореяда “акылдуу” айыл чарба боюнча тажрыйба алды
Кыргыз Республикасынын делегациясы Корея Республикасында өткөн билим жана тажрыйба алмашуу программасына катышты. Делегацияны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү боюнча министрдин орун басары Асель Кененбаева жетектеди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Делегациянын курамына “АгроСмарт” мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызмамасылтукум” мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун өкүлдөрү кирди. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банк каржылаган “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү”долбоорунун алкагында тандалган фермерлер да катышты.
Визиттин алкагында кыргыз делегациясы Корея Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Илим жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлиги, ошондой эле “акылдуу” айыл чарба багытында иштеген уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
Программага вертикалдык жана жабык фермаларды, ошондой эле агрардык инновациялар менен алектенген ишканаларды жана илимий мекемелерди кыдыруу кирди. Катышуучулар “акылдуу” фермерлик технологиялары жана санарип айыл чарбасы боюнча маалымат алышты.
Бул программа Кореянын Жашыл өсүш боюнча Трасттык фондунун, Корея Республикасынын Өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашты.
Алынган тажрыйба Кыргызстанда заманбап технологияларды киргизүүгө жана агрардык өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталат.


