Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Ал эми Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын башчылары видео байланыш аркылуу катышышты.

Белгиленгендей, айыл чарбасын каттоо эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, агрардык тармак боюнча толук жана ишенимдүү маалыматтарды алууга багытталган. Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өтөт.

Эрлист Акунбеков бул иш-чара өлкөнүн агрардык тармагынын абалын баалоо жана аны мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айыл чарбасын каттоо иштерин календардык планга ылайык өз убагында өткөрүүнү жана статистика органдарына көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу

Ошто 4 муниципалдык ишкана күрөөгө коюлган

Ошто 4 муниципалдык ишкана күрөөгө коюлган

Ош шаарындагы төрт муниципалдык ишкана Финансы министрлигине күрөөгө коюлганын түштүк борбордун мэриясынын басма сөз катчысы Жылдызбек Болотбеков билдирди. Анын айтымында, күрөөгө коюлган мүлктөрдүн тизмесине төмөнкү ишканалар кирген: * шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты; * Ош муниципалдык автотранспорт ишканасы; * Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасы; * Ош автовокзалы муниципалдык ишканасы. "Өткөн жылы  Финансы

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамын 20-март, жума күнүнө дал келе тургандыгын маалымдады. Бул чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган. Мындан сырткары, 2026-жылдагы Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгилене тургандыгын Муфтияттан кабарлашты. Орозо айттын урматына карата кийинки жумада кыргызстандыктар 3 күн дем