Апрель айында бардык мугалимдердин маянасы 100% жогорулайбы?

Апрель айында бардык мугалимдердин маянасы 100% жогорулайбы?

Кыргызстан боюнча мектеп мугалимдери 2026-жылдын апрелинде  STEM багытындагы сабактарды жана англис тилин окуткан мугалимдерге гана көбөйүшү мүмкүн деген маалыматты Агартуу министрлиги четке какканын Kaktus.media жазды.

Министрликтин маалыматы боюнча, Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлыгы азыркы деңгээлге салыштырмалуу 100% көбөйөт.

Белгиленгендей, айлык акы бардык мугалимдерге — кайсы сабакты окутканына карабастан — бирдей көбөйтүлөт.

Ошондой эле айлык STEM мугалимдерине гана көбөйөт, ал эми тарых, кыргыз тили же география мугалимдерине көбөйбөйт жана бул сабактардын сааттары кыскартылат деген маалымат чындыкка дал келбейт деп белгиленди.

Эске салсак, мугалимдердин айлыгы акыркы жолу 2022-жылдын апрель айында көбөйгөн. Ошондо айлык эсептөө системасы өзгөртүлүп, мугалимдер саат боюнча эмес, ставка боюнча айлык ала баштаган. Ошондой эле жүктөмдүн жогорку чеги киргизилген.

Азыркы учурда мугалимдердин орточо айлык акысы болжол менен 26 миң сомду түзөт. Кийинки айлык көбөйтүү 2026-жылдын апрель жана октябрь айларында күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Бишкектеги батирлердин бир чарчы метринин орточо баасы 95 458 сомду түзгөнүн Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги билдирди. Февраль айында борбор калаада бир чарчы метр баасы 12 285 сомго төмөндөп, пайыздык эсеп менен -11,4% болду. Жылдык салыштырмалуу көрсөткүч боюнча, бир чарчы метрдин

"Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт

"Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутаттар "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын аймагына базар куруу долбоорун талкуулашты. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн форматы боюнча шаар мэриясынын акциясы каралбаганын билдирди. "Шаарга акциялар берилген жок. Биз жерди беребиз