Бишкекте №64 мектепке 600 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы №8 кичи район, 19/1 дарегинде курулуп жаткан 600 орундуу окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган объект №64 мектепке кошумча салынып жаткан жаңы окуу корпусу болуп саналат. Учурда курулуш аянтында жер казуу иштери толугу менен аяктап, курулуштун кийинки этабы башталуу алдында турат.
Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин жүрүшүн карап чыгып, иштердин ар бир этабын белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен өз убагында бүткөрүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп курулуп жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.