Аламүдүндө мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилеринде пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Текшерүүгө Байтик Баатыр айыл аймагынын №312, 314, 324 жана 326 контурларында бетон заводу курулуп жатканы тууралуу түшкөн маалымат негиз болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бетон түйүнүн курууга байланыштуу бекитилген долбоордук документация, курулушка уруксат берүүчү документтер жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуулар жок экени аныкталды.

Мыйзам бузууларга байланыштуу курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Бишкек Инвестмент Групп” ЖЧКсына карата административдик чара көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлуп, бардык тиешелүү уруксат берүүчү документтер мыйзамда белгиленген тартипте алынганга чейин бетон түйүнүн эксплуатациялоо иши токтотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2025-жылы интернет шылуундар 826,4 млн сомду алдап алышкан

Кыргызстанда 2025-жылы интернет шылуундар 826,4 млн сомду алдап алышкан

Кыргызстанда ушул тапта дроппер иши боюнча 171 кылмыш иши козголуп, 226 адам дропперлик кылган деп шек саналып жатканын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеӊештин 12-марттагы отурумунда айтты. Ал айрымдар сим-картасы же банк эсеби шылуундук иштерге колдонуларын билип туруп сатып жиберген учурлар бар экенин кошумчалады. Анын сөзүнө караганда,

Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Мамлекеттик салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун катышуучуларынын тизмеси кеңейтилгенин билдирди. Эми пилоттук долбоорго мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкерлер, ошондой эле бирдиктүү бренд алдында иштеген коомдук тамактануу ишканалары жана тез тамактануу жайлары да кошулду. Мындан тышкары, жогоруда аталган категорияларга кирбеген салык төлөөчүлөр да Салык кызматы менен

"Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди

"Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди

Кыргызстандагы көмүр өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 30%ын камсыз кылган "Кыргызкөмүр" мекемеси 2025-жылы 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ошондой эле кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 9 млн 700 миң куб метрди түзүп, пландан

"Кепилдик фонд" ишкерлерге 18 млрд сомдон ашуун кепилдик берди

"Кепилдик фонд" ишкерлерге 18 млрд сомдон ашуун кепилдик берди

"Кепилдик фонд" ААКсы өлкөнүн ишкерлерин колдоо багытында иштеп баштагандан бери берилген кепилдиктер боюнча каражаттардын кайтарымдуулугунун жогорку деңгээлин сактап келет. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Фонддун тогуз жылдык ишмердүүлүгүндө бул көрсөткүч 97,6%дан 100%га чейин өзгөрүп келген. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кайтарымдуулук 98,22%ды түздү.