Баткенде курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Баткенде курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында ишке ашырылып жаткан “Таза-Суу” долбоорунун курулуш объектисинде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, курулуш иштеринин көзөмөлгө алынуучу негизги этаптары тиешелүү тартипте кабыл алынып, тапшырылган эмес.

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Инженерная Защита" ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле техникалык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаменти курулуш тармагында мыйзамдуулукту, сапатты жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди мындан ары да улантарын билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл 1 825 адам "Социалдык келишим" программасына катышууга арыз жолдоду

Быйыл 1 825 адам "Социалдык келишим" программасына катышууга арыз жолдоду

11-мартка карата республика боюнча "Социалдык келишим" программасына катышуу үчүн 1 825 арыз келип түшкөнүн Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда 607 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн, мында долбоорлордун эң көп саны айыл чарба тармагында (341 келишим) ишке ашырылууда. Министрликте белгилешкендей, 2026-жылы

Өлкөдө 1 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда

Өлкөдө 1 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда

Быйылкы жылдын түшүмү үчүн Кыргызстан боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 250 миң гектарды түзөрү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын ичинен 818 миң гектары сугат жерлер, ал эми 432 миң гектары кайрак жерлер болуп саналат. Учурда жазгы талаа иштери өлкөнүн түштүк аймактарында (Ош, Жалал-Абад, Баткен

Кыргызстанга алып келинген унаалар 10 күндө каттоодон өтүшү керек

Кыргызстанга алып келинген унаалар 10 күндө каттоодон өтүшү керек

Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Кыргызстанга алып келинип, бажыдан өткөрүлгөн унаалар кайсы мөөнөттө каттоодон өтүшү керек экенине кызыкты. Ал  жарандар милиция кызматкерлери мамлекеттик номерлери жок айдап жүргөн унааларын айып короого коюп жатканы боюнча даттанып жатканын белгиледи. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун директорунун орун басары Толубай

Ош-Сити IT-шаарчасынын долбоору боюнча жол картасы иштелип чыгат

Ош-Сити IT-шаарчасынын долбоору боюнча жол картасы иштелип чыгат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунда “Ош-Сити” долбоорунун алкагында курулуп жаткан объект боюнча техникалык кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Кеңешмеге институттун директору Канат Канболотов, ошондой эле “Бизнес Хаус КЖ” жана “Morphosis & Phoenix Architect” ЖЧКларынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын