Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо стратегиялык мааниге ээ.
Ошол эле учурда малина, кулпунай жана жүгөрү сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрү жогорку киреше алып келүүчү багыттардын катарына кирет. Бул өсүмдүктөрдү өстүрүүдө тамчылатып же жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу сунушталат. Мындай сугат системаларын орнотуу үчүн дыйкандар мамлекет тарабынан жеңилдетилген, төмөнкү үстөк пайыздагы насыяларды ала алышат.
Министрликтин маалыматына караганда, акыркы мезгилде өлкөдө мал-жандыктын саны көбөйгөндүктөн арпа жана жүгөрү сыяктуу эгиндерге болгон суроо-талап да өсүүдө.
Мындан тышкары, адистер дыйкандарга түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн жазгы талаа жумуштарына чейин топуракка анализ жүргүзүп, керектүү минералдык жана органоминералдык жер семирткичтерди нормага ылайык колдонуу керектигин эскертет.
Ошондой эле үрөндүн сапатын алдын ала текшерип, топурактын абалын аныктап, кайсы эгинди эгүү ылайыктуу экенин адистердин экспертизасынын негизинде чечүү сунушталат. Адистердин айтымында, түшүмдүн көлөмү жана сапаты ушул факторлорго түздөн-түз байланыштуу.