Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет
Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо системасын өркүндөтүү жана кадрларды даярдоо багытындагы кызматташтык тууралуу сөз болду.
Элчи Саидикрам Ниязходжаев министр Кудайберген Сагынбаевди Өзбекстанга иш сапары менен келип, бул өлкөнүн тажрыйбасын жеринен көрүп кетүүгө чакырды. Ошондой эле 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган эки өлкөнүн эмгек министрликтери ортосундагы макулдашылган протоколдун аткарылышы менен таанышуу сунушталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эмгек миграциясы жана социалдык коргоо тармагында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө, тажрыйба алмашууну улантууга даяр экенин белгилешти.


