Кыргызстанда 2025-жылы интернет шылуундар 826,4 млн сомду алдап алышкан
Кыргызстанда ушул тапта дроппер иши боюнча 171 кылмыш иши козголуп, 226 адам дропперлик кылган деп шек саналып жатканын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеӊештин 12-марттагы отурумунда айтты.
Ал айрымдар сим-картасы же банк эсеби шылуундук иштерге колдонуларын билип туруп сатып жиберген учурлар бар экенин кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, дропперлик үчүн күнөөлүү деп табылган адамдар жабырлануучу алдаткан сумманын көлөмүнө жараша 20 же 50 миӊ сомго чейин айыпка жыгылат же 3 жылдан 7 жылга чейин, кылмышты уюшкан топ жасаган болсо 5 жылдан 10 жылга чейин абакка кесилет.
“2025-жылы 1547 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 837 кылмыш ишинин бети ачылып соттук кароого жөнөтүлгөн. Келтирилген чыгым 826 млн 495 миӊ сом болгон. Анын ичинен 73 млн 896 миӊ сом кайтарылган”, - деди ал.
Нурбек Абдиев жабырлануучулар укук коргоо органдарына кеч арызданып жаткандыктан шылуундар акчаны чет өлкөлөргө которуп кетүүгө үлгүрүп, адамдарга каражатын кайтарып берүү мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.
Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев дропперлердин көбү 18 жаштан 25 жашка чейинкилер экенин билдирди.