1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев
1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди.
Анын айтымында, бул чечим дарыгерлердин көп жылдан бери көтөрүлүп келген негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө багытталган.
Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Маселен, алыскы аймактарда иштеген 500гө жакын дарыгерге берилүүчү депозиттик төлөмдүн көлөмү эки эсеге көбөйтүлдү. Мурда алар кварталына 33 миң сом алса, эми бул сумма 66 миң сомду түзөт.
Мындан тышкары, аймактарда жетишсиз болуп жаткан неонатолог, педиатр жана анестезиолог-реаниматолог сыяктуу адистерге ай сайын кошумча 20 миң сомдон төлөнөт.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ар бир дарыгерге жана медайымга президенттик фонддон ай сайын 15 миң сомдон кошумча төлөм берилип келет.