Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт
Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Өчүрүү аймагы:
Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5; 93/6.
Токтоналиев көч., 139/3; 157; 153; 153/3; 155.
Т. Океев көч., 39/3; 39/4; 39/8; 39/7; 39/6.
"Аэропорт" суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
"Менин шаарым" тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз, - деп айтылат маалыматта.