Бишкекте Ауэзов көчөсүндөгү күркө ээлерине демонтаж тууралуу эскертүү берилди

Бишкекте Ауэзов көчөсүндөгү күркө ээлерине демонтаж тууралуу эскертүү берилди

12-мартта Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Ауэзов көчөсүндө жеринде текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө соода күркөлөрүнүн ээлерине жана сатуучуларга объекттерди демонтаж кылуу зарылдыгы тууралуу эскертүү берилди.

Ишкерлерге соода жүргүзүү үчүн "Чынар" жана "Аламедин" базарларынан альтернативдүү соода орундар сунушталган, бирок айрымдары бул сунуштан баш тартышкан.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы аталган даректе 24 жер тилкеси соода объекттерин жайгаштыруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында бул күркөлөр жашыл зонада жайгашканы аныкталган.

Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы соода объекттерин жайгаштыруу боюнча түзүлгөн келишимдерди токтотуу чечимин кабыл алды.

Белгиленгендей, 2026-жылдын 28-февралында күркөлөрдүн ээлерине ыктыярдуу демонтаж жүргүзүү тууралуу эскертүүлөр берилген. Бирок талаптар аткарылган эмес. Мындан тышкары, 11-мартта аталган объекттер электр жана суу камсыздоодон ажыратылган.

Мэриядан белгилешкендей, бул аймакта Аламедин-1 кичи районунун тургундары үчүн кичи сквер куруу пландалууда. Эгерде талаптар аткарылбаса, соода объекттери мыйзамда каралган тартипте демонтаждалат.

Мындан тышкары окуңуз

Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Бүгүн «Кумтөр Голд Компани» 2025-жылы өндүрүлгөн алтындын көлөмү, анын өздүк наркы жана компаниянын өндүрүштүк-каржылык ишмердүүлүгүнүн башка аспектилери боюнча маалымат таратты. Билдирүүгө караганда, Кумтөрдөгү тоо-кен казып алуунун шарттары оорлошуп, алтынды ылгап алуу да татаалдашып, алтындын өздүк наркына таасир этти. 2025-жылы бардык чыгымдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсепке алганда, бир унция алтындын

Экономика министрлиги Кытай компанияларын  Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика министрлиги Кытай компанияларын Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика жана коммерция министрлиги Кытай компанияларына өндүрүштөрүн Кыргызстанга ачууга чакырганын брифингде министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, жакында Кытай мамлекетине бир нече иш сапарлар уюштурулуп, анда кыргыз тарап жергиликтүү компанияларга өндүрүштөрүн Кыргызстан аймагына жайгаштырууну сунуштаган. Ал белгилегендей, Кытайдан АКШга экспорттолгон айрым товарларга 10%дан 50%га чейин

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Кыргызстандын мамлекеттик жаратылыш коруктары жана жаратылыш парктары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылык жана ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча рекорддук натыйжаларды көрсөттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Расмий маалыматтарга ылайык, туристтик сектордон түшкөн каражат 37,7 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Кирешенин өсүшү 19,

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №100 Санабар Бахапова атындагы мектеп 37 жылдан кийин толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда билим берүү мекемесинде 856 окуучу билим алууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын октябрь айында мамлекеттик бюджеттен 63 млн сом бөлүнүп, мектепте капиталдык оңдоо иштери башталган. Учурда бардык иштер