Бишкекте коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөр текшерилүүдө
Коомдук транспортто тартипти сактоо жана жүргүнчүлөрдүн коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында Бишкек шаарында рейд жүрүп жатат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жол кирени өз убагында төлөөсү жана накталай эсептешкен учурда жол жүрүү талонун алуусу көзөмөлдөнөт.
Бишкек шаардык транспорт муниципиалдык ишканасынан билдиришкендей, автобуста накталай төлөм жүргүзүп, сөзсүз талонду алуу шартталат. Эгерде талон албаса, жүргүнчүгө – 1000 сом айып пул салынат. Ал эми накталай эмес төлөм болгон болсо, электрондук ырастоону сактап кою сунушталат.