ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган
Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган.
Тактап айтканда:
- 336-берене (Коррупция) – 10 жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу;
- 342-берене (Пара алуу) – 2 жылдан 7 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу;
- 343-берене (Опузалап пара алуу) – 5 жылдан 12 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу;
- 344-берене (Пара алууда ортомчулук кылуу) – 2 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу;
- 345-берене (Пара берүү) – 2 жылдан 7 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу.
ИИМ жарандарды коррупциялык көрүнүштөргө каршы турууга чакырып, эгерде ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылуу же башка мыйзамсыз аракеттерге туш болсо, ИИМдин Ички иликтөө кызматына кайрылууну өтүнөт.
Ишеним телефону: 0 (704) 99-99-18 (күнү-түнү иштейт).
Министрликтен белгилешкендей, коомдун жана мамлекеттин биргелешкен аракеттери менен гана коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүүгө жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга болот.