Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №100 Санабар Бахапова атындагы мектеп 37 жылдан кийин толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда билим берүү мекемесинде 856 окуучу билим алууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын октябрь айында мамлекеттик бюджеттен 63 млн сом бөлүнүп, мектепте капиталдык оңдоо иштери башталган. Учурда бардык иштер толук аяктап, окуучулар жаңыланган мектепте билим алып жатышат.

Капиталдык оңдоонун алкагында жылытуу жана жарыктандыруу системалары алмаштырылып, имараттын чатыры толук жаңыланды. Ошондой эле мектептин ички бөлмөлөрү заманбап талаптарга ылайык жасалып, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Белгилей кетсек, аталган мектеп 1988-жылдан бери иштеп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев Ысык-Көлдөгү 150 млн долларлык медкластердин долбоору менен таанышты

Касымалиев Ысык-Көлдөгү 150 млн долларлык медкластердин долбоору менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар медициналык мекемелерди көрүп чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал Каракол шаарындагы 1968-жылы курулган, 550 орунга ылайыкталган облустук бириккен ооруканага барып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты. Ошондой эле МинКаб башчысы Караколдо курулуп жаткан

Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Бүгүн «Кумтөр Голд Компани» 2025-жылы өндүрүлгөн алтындын көлөмү, анын өздүк наркы жана компаниянын өндүрүштүк-каржылык ишмердүүлүгүнүн башка аспектилери боюнча маалымат таратты. Билдирүүгө караганда, Кумтөрдөгү тоо-кен казып алуунун шарттары оорлошуп, алтынды ылгап алуу да татаалдашып, алтындын өздүк наркына таасир этти. 2025-жылы бардык чыгымдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсепке алганда, бир унция алтындын

Экономика министрлиги Кытай компанияларын  Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика министрлиги Кытай компанияларын Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика жана коммерция министрлиги Кытай компанияларына өндүрүштөрүн Кыргызстанга ачууга чакырганын брифингде министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, жакында Кытай мамлекетине бир нече иш сапарлар уюштурулуп, анда кыргыз тарап жергиликтүү компанияларга өндүрүштөрүн Кыргызстан аймагына жайгаштырууну сунуштаган. Ал белгилегендей, Кытайдан АКШга экспорттолгон айрым товарларга 10%дан 50%га чейин

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Кыргызстандын мамлекеттик жаратылыш коруктары жана жаратылыш парктары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылык жана ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча рекорддук натыйжаларды көрсөттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Расмий маалыматтарга ылайык, туристтик сектордон түшкөн каражат 37,7 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Кирешенин өсүшү 19,