Орто-Сайдагы көрүстөнгө жакын курулуш боюнча түшүндүрмө берилди
Бишкек шаарындагы Орто-Сай айылында көрүстөнгө жакын курулуп жаткан 4 кабаттуу үй боюнча социалдык тармактарда тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, курулушка уруксат тиешелүү мамлекеттик органдардын расмий документтеринин негизинде берилген. Тактап айтканда, Таш-Төбө айыл өкмөтү 2018-жылы берген маалымкатта аталган көрүстөн жабык деп көрсөтүлгөн.
Ушунун негизинде бардык мыйзамдык жол-жоболордон өткөндөн кийин Иманалиев көчөсүндө 4 кабаттуу турак үйдүн курулушу 2024-жылы башталган.
Санитардык талаптарга ылайык, жабык көрүстөн менен курулуш объектилеринин ортосундагы аралык 50 метрден кем болбошу керек. Жүргүзүлгөн өлчөөлөргө ылайык, бул аралык 60–70 метрди түзөт.
Мекеменин маалыматына караганда, социалдык тармактарда айтылган “курулуш көрүстөндөн 30 метр аралыкта жайгашкан” деген маалымат туура эмес.
Көрүстөндүн статусун аныктоо, аны жабуу же пайдаланууга берүү маселеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирет. Ал эми Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы курулушка уруксат берүүдө ошол учурда күчүндө болгон расмий документтердин негизинде гана иш жүргүзгөн, - деп айтылат маалыматта.


