Сокулук райондук прокуратурасынын жаңы имараты ачылды
Башкы прокурор Максат Асаналиев Сокулук райондук прокуратурасынын жаңы административдик имаратын ачты. Ачылыш аземине жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, прокуратура кызматкерлери жана ардагерлер катышты.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, иш-чарада сөз сүйлөгөн Башкы прокурор жаңы имараттын пайдаланууга берилиши прокуратура органдарынын ишин сапаттуу уюштурууга жана жарандардын кайрылууларын ыкчам кароого мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле ал өлкөдө прокуратура органдарынын ишин жакшыртуу максатында жаңы административдик имараттар жана кызматтык турак жайлар курулуп жатканын айтты.
Белгиленгендей, жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалган.


