Сузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга соттолду
Сузак районунда алимент төлөөдөн узак убакыт бою баш тартып келген жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Сузак райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө А.Л.А. аттуу жарандан бир баланы багуу үчүн алимент өндүрүү боюнча иш каралып келген. Бирок карызкор жаран алимент төлөө милдетин аткарбай, узак убакыт бою кыянаттык менен баш тартып келген.
Ушуга байланыштуу сот аткаруучу тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берген.
2026-жылдын 11-мартында Сузак райондук соту аталган ишти карап чыгып, А.Л.А. аттуу жаранды күнөөлүү деп таап, аны 1 жылга эркиндигинен ажыратуу чечимин чыгарды.
Белгиленгендей, бул чечим алимент төлөөдөн качкан жарандар мыйзам алдында жоопкерчиликке тартыларын эскертет.