Тоң районундагы рейдде мыйзамсыз сакталган курал-жарактар аныкталды

Тоң районундагы рейдде мыйзамсыз сакталган курал-жарактар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө Тоң жана Кажы-Сай айылдарында бир катар үйлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды.

Тактап айтканда, Кажы-Сай айылынын 1980-жылы туулган тургуну О.Инин үйүнөн 16 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал жана 5 даана ок алынган.

Ал эми Тоң айылынын 1955-жылы туулган тургуну Ж.О.нун үйүнөн сайлуу ок атуучу курал жана 23 даана ок, ошол эле айылдын 1956-жылы туулган тургуну Ж.Б.нын үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана 23 даана ок табылган.

Аталган куралдардын тиешелүү документтери болгон эмес. Учурда курал ээлерине карата протоколдор түзүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев Ысык-Көлдөгү 150 млн долларлык медкластердин долбоору менен таанышты

Касымалиев Ысык-Көлдөгү 150 млн долларлык медкластердин долбоору менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар медициналык мекемелерди көрүп чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал Каракол шаарындагы 1968-жылы курулган, 550 орунга ылайыкталган облустук бириккен ооруканага барып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты. Ошондой эле МинКаб башчысы Караколдо курулуп жаткан

Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Бүгүн «Кумтөр Голд Компани» 2025-жылы өндүрүлгөн алтындын көлөмү, анын өздүк наркы жана компаниянын өндүрүштүк-каржылык ишмердүүлүгүнүн башка аспектилери боюнча маалымат таратты. Билдирүүгө караганда, Кумтөрдөгү тоо-кен казып алуунун шарттары оорлошуп, алтынды ылгап алуу да татаалдашып, алтындын өздүк наркына таасир этти. 2025-жылы бардык чыгымдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсепке алганда, бир унция алтындын

Экономика министрлиги Кытай компанияларын  Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика министрлиги Кытай компанияларын Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика жана коммерция министрлиги Кытай компанияларына өндүрүштөрүн Кыргызстанга ачууга чакырганын брифингде министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, жакында Кытай мамлекетине бир нече иш сапарлар уюштурулуп, анда кыргыз тарап жергиликтүү компанияларга өндүрүштөрүн Кыргызстан аймагына жайгаштырууну сунуштаган. Ал белгилегендей, Кытайдан АКШга экспорттолгон айрым товарларга 10%дан 50%га чейин

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Кыргызстандын мамлекеттик жаратылыш коруктары жана жаратылыш парктары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылык жана ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча рекорддук натыйжаларды көрсөттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Расмий маалыматтарга ылайык, туристтик сектордон түшкөн каражат 37,7 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Кирешенин өсүшү 19,