Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды
Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз курулуш жүргүзүлгөнү аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында баасы 34 млн 56 миң 846 сомду түзгөн жер тилкеси имараты менен бирге мамлекетке кайтарылды.
Прокуратура тарабынан мыйзамдардын аткарылышын камсыздоо боюнча иштер улантылып жатканы белгиленди.