Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады.

Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз элинде атанын да, эненин да өз орду, өз милдети аныкталып такталгандыгын белгилеген.

“Абалтан элибизде “Өмүр” деген улуу дайра атадан башталат, ошол үчүн ата – аскар тоо, эне – боорундагы булак, бала – ортосунда күйүп турган шам чырак” делип, мамлекеттин тамыры да, тиреги да болгон үй-бүлөнүн эң мыкты модели түзүлгөн. Аталарга болгон сыйыбыз улутубуздун атына болгон урматында да билинип, элибизде Кыргыз-Атадан тараган деген түшүнүк эзелтеден эле калыптанган” - деп белгилейт, мамлекет башчы.

Ошондой эле президент айрым баалуулуктар алмашып бараткан ааламдашуу доорунда да кыргыз дүйнө таанымында атанын улуктугун  баса белгилеп, балдарды тарбиялоодо атанын орду өтө жогору экенин эстен чыгарбоо керектигин билдирген.

“Ардактуу кыргызстандыктар! Аталар бул күнү эле эмес, ар дайым ардакталсын, коомдо аталардын орду бөксөрбөсүн, ар бир кыргыз жараны өз атасы менен сыймыктансын. Уул-кыздын ишенген таянычы болгон аталарыбызга кажыбас кайрат, мокобос эрк, руханий дем-күч каалайм- деп жагымдуу сөздөрүн өлкө башчы кыргызстандык аталарга арнаган.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

ЦУМдун жанындагы 3 кабаттуу имарат толук бузулат

ЦУМдун жанындагы 3 кабаттуу имарат толук бузулат

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жанындагы жаңы салынып жаткан үч кабаттуу имарат толугу менен бузулары имараттын кожоюндары, шаар бийлиги жана “Ташболот Холдинг” компаниясынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде кабыл алынганын "Азаттык" жазды. Аталган компаниянын маалыматына караганда, бул имараттын кожоюндары башка. Бузууга байланыштуу техникалык жумуштарга Old Bishkek долбоорунун өкүлдөрү жардам