Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди.

"Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким сатып алгандыгы азырынча айтылган жок. Аукцион алдында Christie's бул Fender Stratocaster гитарасы 2 млн доллардан 4 млн долларга чейин сатылышы мүмкүн деп божомолдогон.

Буга чейин дүйнөдөгү эң кымбат гитара деп 1959-жылы чыгарылган электроакустикалык Martin D-18E эсептелип келген. Аны Курт Кобейн — Nirvana тобунун лидери — 1993-жылы өткөн белгилүү MTV Unplugged in New York концертинде колдонгон. Бул гитара 2020-жылы аукциондо 6 млн долларга сатылган.

Ошол эле аукциондо Курт Кобейн колдонгон дагы бир гитара — көк түстөгү Fender Mustang да сатылды. Ал гитара Smells Like Teen Spirit ырынын клибин тартууда колдонулган жана анын баасы 6,9 млн долларды түзгөн.

Бул музыкалык аспаптар 2025-жылы каза болгон америкалык миллиардер Джим Ирсейдин коллекциясына таандык болгон. Аукциондо рок жылдыздарына таандык дагы бир нече музыкалык аспаптар да сатууга коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант-АБЗ унаа жолунун 10,2-чакырымынан 11-чакырымына чейинки тилкесинде ресайклинг технологиясы менен асфальт басуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, 10-октябрдан 17-октябрга чейин аталган тилкеде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Чектөө жол куруу иштерин сапаттуу жүргүзүү жана жаңы төшөлгөн

Ишкер Media
Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткен облусунун прокуратурасы жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 13 тоголок жетим балага кезексиз жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жер тилкелери турак жай куруу үчүн берилген. Прокуратура жергиликтүү бийлик органдарына прокурордук актыларды киргизип, жетим

Ишкер Media
Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуштарды текшерүүнү улантууда. Бут тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылаыйык, текшерүү учурунда Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылындагы суу кампа объектисинде курулуш ченемдери жана талаптар бузулганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Жолдош-Курулуш" ЖЧКсына акт

Ишкер Media
Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо максатында күн сайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын максаты белгиленген 17 сом өлчөмүндөгү жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктап, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Аталган ишкананы маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө карата тиешелүү

Ишкер Media